Мазмунга өтүү

Билим берүү саясаты жана изилдөө маалыматтары боюнча GPE KIX программасынын эл аралык аянтчасында К. Карасаев атындагы БМУ

БГУ имени К. Карасаева на международной площадке программы GPE KIX по образовательной политике и исследовательским данным

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин өкүлү 2026-жылдын 29-июнунан 2-июлуна чейин Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында өткөн эл аралык воркшопко катышты. Иш-чара билим берүү саясатын калыптандырууда жана пландаштырууда изилдөө маалыматтарын колдонууга арналды.

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүктүн (GPE KIX) Билим алмашуу жана инновациялар программасынын алкагында уюштурулду. Делегациянын курамына төмөнкүлөр кирди: К. Карасаев атындагы БМУнун сапат, практика жана карьера бөлүмүнөн — Өмүркулова Ч.М.; Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинен — Шамшидинова Б.С. жана Маданбекова Р.Ж.

Семинар GPE KIX программасынын алкагындагы эки глобалдык окутуу циклинин жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп, GPEнин 25 өнөктөш өлкөсүнөн 38 уюмдун өкүлдөрүн бириктирди. Алардын катарында мамлекеттик билим берүү башкаруу органдары, жогорку окуу жайлар жана эл аралык уюмдар бар. Программанын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын жана адилеттүүлүгүн жогорулатуу, маалыматтарды визуалдаштыруу, аналитикалык жазмаларды даярдоо жана изилдөө жыйынтыктарын билим берүүнү башкаруу практикасына киргизүү маселелери талкууланды.

К. Карасаев атындагы БМУнун мындай деңгээлдеги эл аралык демилгелерге катышуусу кесиптик кызматташтыкты кеңейтүүгө, университеттин эксперттик потенциалын чыңдоого жана стратегиялык пландаштырууда жана билим берүүнүн сапатын камсыздоодо далилдүү ыкманы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

БГУ имени К. Карасаева на международной площадке программы GPE KIX по образовательной политике и исследовательским данным