2026-жылдын 12–21-сентябрь күндөрү академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Ланьчжоу шаарында өтүп жаткан билим берүү программасына катышууда. Программага Кыргызстандын жана Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү да катышууда.
Программа билим берүүнү санариптештирүүгө, ошондой эле окутуу жана билим берүү процессинде жасалма интеллектти колдонууга арналган. Катышуучулар лекцияларга, практикалык сабактарга жана билим берүү мекемелерине уюштурулган иш сапарларга катышып, Кытайдын заманбап санариптик технологияларды билим берүү тармагына киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышууда.
Программага катышуу тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана БМУнун билим берүү процессине заманбап технологияларды мындан ары киргизүүгө өбөлгө түзөт.




