К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети төмөнкү илимий-билим берүү программалары (адистиктер) боюнча базалык PhD докторантурага кабыл алууну жүргүзөт:
- Филологиялык билим берүү, Лингвистика
Психология
- Менеджмент, Экономика
Педагогика
Программалар жөнүндө негизги маалымат:
Окуунун формасы жана мөөнөтү: PhD программалары боюнча окутуу күндүзгү формада ишке ашырылат, өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү 3 жылды түзөт, ал эми жалпы эмгек сыйымдуулугу 180 ECTS кредитине барабар.
Жыйынтыктоочу аттестация: Окуу квалификациялык иштин — PhD диссертациясынын даярдалышы жана ачык корголушу менен аяктайт, анын жыйынтыгы боюнча философия доктору (Doctor of Philosophy / PhD) академиялык даражасы ыйгарылат.
Кирүү сынактары эки тур менен маектешүү формасында өткөрүлөт:
1-тур — 2026-жылдын 9-сентябры
2-тур — 2026-жылдын 9-октябры
PhD докторантурага кирүү үчүн документтердин тизмеси:
- Академик К. Карасаев атындагы БМУнун ректорунун намына даярдоо багыты көрсөтүлгөн арыз;
- Диссертациянын алдын ала темасынын кыскача негиздемеси;
- Орус, кыргыз же англис тилдерин билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
- Илимий эмгектердин тизмеси (бар болгон учурда);
- 3х4 см өлчөмүндөгү алты даана сүрөт;
- Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча жана эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган документ (эмгек стажы бар адамдар үчүн);
- Паспорттун жана жогорку билим/магистратура дипломунун көчүрмөсү (КР жарандары үчүн);
- Паспорттун жана жогорку билим/магистратура дипломунун которулган (кыргыз/орус тилине) жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
- Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билим тууралуу документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктоо жөнүндө КРнын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалымкаты;
- Чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык камсыздандыруу полиси.
Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-июлунан 10-октябрына чейин төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К.Карасаев атындагы БМУ, 307 (кабыл алуу комиссиясы).
