К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери үчүн семинар-тренингдер өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын максаты педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, заманбап окутуу усулдарын жана жаңы технологияларды практикага киргизүүгө көмөктөшүү.
Биринчи күндө коопсуз билим берүү чөйрөсү, педагогикалык чыр-чатактарды чечүү, ата-энелер жана коомчулук менен кызматташуу, тилдерди окутуунун заманбап методдору, жасалма интеллект жана электрондук ресурстарды колдонуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле дифференциацияланган окутуу, геймификация, активдүү окутуу ыкмалары жана XXI кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
Семинар учурунда мугалимдер тажрыйба алмашып, практикалык тапшырмаларды аткаруу менен заманбап педагогикалык технологияларды өздөштүрүшүүдө.
Иш-чара БМУ менен мектептердин кызматташтыгын бекемдөөгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

















