Мазмунга өтүү

Сегед университетинин магистранттары жана докторанты БМУда илимий стажировкадан өтүүдө

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Венгрия Республикасынын Сегед университетинин 4 магистранты жана 1 PhD докторанты профессор Питер Салашинин жетекчилиги алдында илимий стажировкадан өтүүдө.

Стажировканын алкагында Кыргызстанда географиялык экспедиция уюштурулуп, мындан болжол менен 100 жыл мурда Принц Дьюалдын маршруту боюнча жүргүзүлгөн байкоолор азыркы табигый шарттар менен салыштырылды. Экспедиция учурунда аймактын жаратылыш өзгөчөлүктөрү, ландшафттык өзгөрүүлөр жана табигый процесстер изилденип, талаа материалдары чогултулду.

Сапардын жыйынтыгында Сегед университетинин өкүлдөрү БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев менен жолугушуп, экспедициянын жыйынтыктарын жана мындан аркы илимий кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттердин жана жаш окумуштуулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү жана эки университеттин ортосундагы илимий байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.