Мазмунга өтүү

Обращение Ректора

Ардактуу окутуучулар жана кызматкерлер! Урматтуу студенттер!

Баарыңыздарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Билим күнү — ар бир адамдын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ болгон, жаңы максаттарга жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан маанилүү күн.

Бүгүн университетибиздин босогосун алгачкы жолу аттап жаткан биринчи курстун студенттерине өзгөчө кайрылып: Бишкек мамлекеттик университетине кош келиңиздер! — деп айткым келет.

Урматтуу студенттер!

Сиздерди алдыда кызыктуу жана жоопкерчиликтүү студенттик жылдар күтүп турат. Университет — бул бир гана кесиптик билим алуучу жай эмес, инсандык жактан калыптанууга, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жана өз алдынча ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берген чоң билим берүү мейкиндиги.

Сиздерден окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилени, изденүүнү, эмгекчилдикти жана университеттин коомдук жашоосуна активдүү катышууну күтөбүз. Алган билимиңиздер келечектеги кесиптик ийгилигиңиздердин бекем пайдубалы болсун.

Сиздерге билим алуу жолуңуздар байсалдуу, максаттарыңыздар бийик, келечегиңиздер кең болсун! Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошкон, элине кызмат кылган, заманбап билимге ээ жана жогорку кесипкөй адистерден болуп жетилишиңиздерге тилектешмин.

Урматтуу кесиптештер!

Жаш муунга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү — биздин негизги милдеттерибиздин бири. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, тажрыйбаңыздар жана эмгегиңиздер университеттин өнүгүүсүнө жана студенттерибиздин келечегине түздөн-түз салым кошуп келет.

Алдыда жаңы окуу жылында биргелешкен эмгегибиз менен жаңы ийгиликтерди жаратып, университетибиздин билим берүү, илим жана эл аралык кызматташтык багыттарындагы жетишкендиктерин дагы да арттырабыз деп ишенем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, чыгармачылык дем, жаңы ийгиликтерди каалайм!

Урматтоо менен, академик К.Карасаев атындагы БМУнун ректору Мирлан Дылдаев