Перейти к содержимому

Факультеттер / Кыргыз филологиясы факультети

фото декана
Декан

Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевич

⌂ Бишкек, ул. Чынгыза Айтматова 27, В блок, 401в кабинет

Контакты подразделения

+996 (312) 21-87-12 Телефон
fkf@bhu.kg Почта
🅾
bhu_fkf Instagram
фото сотрудника

Мусаева Жылдыз Койчумановна

Декандын окуу иштери боюнча орун басары

фото сотрудника

Барыктабасова Гүлзада Нурланбековна

Декандын Тарбия иштери боюнча орун басары

фото сотрудника

Усмамбетов Баяман Жунушбекович

кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын башчысы

фото сотрудника

Жамашова Асыл Токоевна

мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы

фото сотрудника

Асакеева Динара Джолдошевна

кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы

Приветствие декана

Уважаемые студенты, гости, коллеги-преподаватели!

Факультет кыргызской филологии – это факультет, который с большой ответственностью работает над преподаванием кыргызского языка и литературы на высоком уровне, чтобы оставить корни и видение государства в наследие будущим поколениям.

Добро пожаловать на факультет кыргызской филологии!

История факультета

О факультете

Миссия факультета – подготовка высококвалифицированных специалистов в области гуманитарных наук и педагогики, отвечающих национальным интересам страны и конкурентоспособных на современном рынке труда.

Цель факультета в области образования – подготовка специалиста с широким мировоззрением и социальной толерантностью. Цель в области личностного воспитания – развитие у студентов:

• Самостоятельности в культуре мышления, восприятия, обобщения, анализа информации;

• Толерантности в восприятии окружающей среды, самостоятельного принятия решений;

• Развития способности использовать новые технологии для достижения поставленных целей, основ научной деятельности.

Основная задача факультета – осуществление профессиональной деятельности бакалавров в области филологии и гуманитарного образования, лингвистики, межличностной и межкультурной коммуникации в образовательных, культурных и административных учреждениях.

Кыргыз филологиясы факультети

Структура
Кыргыз адабияты кафедрасы

Кыргыз адабияты кафедрасы факультеттеги жетектөөчү кафедралардын бири. “Кыргыз адабияты” кафедрасы 1992-жылы билим берүү стандарттарына толук жооп бере турган жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоочу кафедра катары уюшулган. Кафедра жогорку кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча студенттерди, магистранттарды даярдайт.

Кафедранын миссиясы: өз өлкөсүнүн маданиятын, адабиятын, тилин, тарыхын, адеп-ахлактарын терең билген жана мекенин кадырлап сүйө турган жогорку кесиптеги адистерди даярдоо, заманбап технологияларды өздөштүрө билген инсандарды тарбиялоо.

Кафедранын негизги максаты –адабияттын теориясын, тарыхын сапаттуу окутуу, окутуучулардын илимий-теориялык, илимий-педагогикалык потенциалын көтөрүүгө, педагогдук тажрыйбаларын арттырууга жетишүү жана илимий-усулдук, илимий-изилдөө иштерин жүргузүү менен бирге кафедранын материалдык –техникалык базасын чыңдоо болуп саналат.

Кафедранын негизги милдеттери: Кыргыз адабияты жана анын тармактары боюнча студенттерге теориялык жана практикалык  терең билим берүү; Студенттер адабият илими боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөтүп, реферат, курстук, дипломдук иштерди, илимий макалаларды, докладдарды жазууга жетекчилик кылуу;кафедрада уюшулган магистратуранын окуу планын ылайык окуу жана илимий методикалык иштерди уюштуруу; илимий изилдөө иштерин окуу менен айкалыштыруу максатында аспиранттарды жетектеп, илимий деңгээлин өнүктүрүү. Ал максатка жетүү үчүн илимий-теориялык конференцияларды уюштуруу, басылмаларды даярдап чыгаруу;орто мектептерде, жогорку окуу жайларында кыргыз адабияты боюнча сабак өтүүнүн методикасын үйрөтүү; кыргыз адабияты жана анын окутуунун методикасы боюнча окуу планында каралган тандоо боюнча курс,адистик семинарлардын лекцияларын окуу, практикалык сабактарын өтүү;кафедрада алган билимин практикалык жактан тереңдетүү максатында орто мектептерде практикадан өтүшөт.

Кафедра государственного языка

Кафедра практического курса кыргызского языка была организована в 1992 году. В настоящее время она носит название кафедры государственного языка и осуществляет преподавание кыргызского языка и литературы в группах с русским языком обучения.

В Кыргызской Республике кыргызский язык является не только государственным языком, но и родным языком кыргызского народа. Кыргызский язык в рамках профессионально-ориентированной программы обучения преподаётся как базовая дисциплина после общеобразовательной школы.

Особое внимание уделяется формированию грамотной письменной речи в соответствии с нормами литературного языка, развитию культуры речи, а также правильному оформлению различных видов деловых документов и их форм. Студенты изучают профессионально-ориентированную терминологию и учатся правильно использовать языковые средства в соответствии со своей специальностью, углубляя грамматические и лексические знания.

В соответствии с национальной программой кафедра ведёт учебно-методическую и научно-исследовательскую деятельность, применяя современные методы и подходы.

Миссия кафедры:
Подготовка высококвалифицированных специалистов, глубоко знающих культуру, литературу, язык, историю и нравственные ценности своей страны, любящих и уважающих Родину, а также воспитание личности, владеющей современными технологиями.

Основные цели кафедры:
• повышение научного потенциала преподавателей кафедры;
• подготовка учебно-методических пособий как дополнительных научных источников для студентов;
• развитие у студентов навыков свободного общения на кыргызском языке как на втором языке;
• разработка учебно-методических комплексов с учётом профессиональной направленности обучения студентов.

Кафедра государственного языка осуществляет преподавание дисциплины «Кыргызский язык и литература» на 9 факультетах университета. На кафедре работают 10 преподавателей: 1 кандидат наук, 3 исполняющих обязанности доцента, 3 старших преподавателя, 4 преподавателя и 1 старший лаборант.

Приёмная:
+996 (312) 21-89-64

Адрес: проспект Ч. Айтматова, 27,
блок В, 4 этаж, кабинет 404Г.

Специальности
Программа: 550300 Филологиялык билим берүү

Берилүүчү квалификация: бакалавр
Окутуу мөөнөтү: 4 жыл (күндүзгү бөлүм), 5 жыл  (ДОТ колдонуу менен сырттан окуу)
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат:Бул программа боюнча бакалаврлар филологиялык билим берүү квалификациясын алышат. Студенттер изилденип жаткан тилдин адабиятына байланышкан гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар, адабияттын тарыхый өнүгүүсүндө жана заманбап абалында билим ала алышат. Билим алуучулар текстердин ар түрдүү түрлөрүн жана типтерин талдоонун, интерпретациялоонун, иштеп чыгуунун, жаратуунун жана кайра өзгөртүп түзүүнүн методдорун, ыкмаларын колдонушат. Аларды билим алуу процесси үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө, студенттерге багытталган окутуу принциптерин сактоого жана методологиялык проблемаларды туруктуу өнүктүрүү жана чечүү үчүн билимдерди (окутуунун моделдери, методдору жана ыкмалары, сапатты камсыздоо) алууга окутушат. Бул программанын бүтүрүүчүлөрү  баштапкы жана орто билим берүүнүн уюмдарында тил жана адабият мугалими; коммуникацияда, жарнамада, коомчулук менен байланышта, басма иштеринде; жалпыга маалымдоо каражаттарында, маданий мекемелерде жана кошумча билим берүү борборлорун башкарууда кызматкер катары кесиптик ишмердигин жүзөгө ашыра алышат. 

Программа:  531000 Филология  

Берилген квалификациясы: бакалавр
Окутуу мѳѳнѳтү: 4 жыл 
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Студенттер фундаменталдык гуманитардык билим алышат жана филологиянын тарыхы, заманбап абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги тууралуу түшүнүктөргө ээ болушат. Билим алуучулар кыргыз/орус, англис/түрк тилдеринин жана адабиятынын теориясы, тарыхы тармагында, коммуникация теориясында, текстти филологиялык талдоодо жана интерпретациялоодогу негизги жоболорду жана концепцияларды биле тургандыгын көрсөтүүгө жөндөмдүү болушат. Аларды жазма жана оозеки коммуникациянын ар түрдүү типтеринин негизги методдоруна жана ыкмаларына, анын ичинде тил жана адабият боюнча окутуу сабактарын жана класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү үчүн салттуу методдорду жана заманбап маалыматтык технологияларды колдонууну үйрөтүшөт. Бүтүрүүчүлөр социалдык-гуманитардык ишмердик (билим берүү жана маданий мекемелерде, министрликтерде, элчиликтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, агенттиктерде, эл аралык фонддордо жана долбоорлордо, басмаканаларда) чөйрөсүндө эмгектене алышат.

Программа: 550001 Мамлекеттик тилди кыргыз эмес билим берүү  мекемелеринде окутуу

Берилген квалификациясы: адис 
Окуу мөөнөтү: 5 жыл
Окутуунун тили:  кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Бул адистиктеги окутуучу кыргыз жана орус тилдеринин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык жана стилистикалык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрөт. Бул адистик  бир гана Кыргыз өлкөсүндө окутулгандыгы менен айырмаланып турат. Аталган адис жогорку окуу жайларында фундаменталдык жана профилдик даярдыктан өтүп, төмөнкүдөй маселелерди чече алат: тил жана адабият теориясы боюнча билимдерин практикада колдонуу, кыргыз жана орус тилдеринин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык жана стилистикалык өзгөчөлүктөрүн мыкты өздөштүрүп, эки тилди салыштыра алат; текстке лингвистикалык жана адабий анализ жүргүзүп,  студенттерди тарых, кыргыз жана орус тилдеринин азыркы абалы боюнча илимий-практикалык даярдыкка ээ болуп, эки тилди компьютердик технологиялар аркылуу окута алат.

Программы Магистратуры

Программа: 550300 Филологиялык билим берүү

Берилген квалификациясы: магистр
Окутуу мөөнөтү: 2 жыл (күндүзгү), 2,6 жыл (ДОТ колдонуу менен сырттан окуу)
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат:Программа педагогика, психология, тил жана адабият тармактары боюнча терең билимге жана илимий-методикалык жана илимий-изилдөөчүлүк жөндөмгө ээ болгон, мектептерде, ЖОЖдордо филологиялык дисциплиналарды окутуу методдорун өздөштүргөн, өз алдынча илимий-изилдөө иштерин жүргүзө алган, педагогикалык, басма жана гуманитардык чөйрөдө иштей алган жогорку квалификациялуу педагогдорду даярдоого багытталган. 
Программада илимий-педагогикалык жана илимий-изилдөөчүлүк практикасы да каралган. Аталган практиканын жүрүшүндө магистранттар кафедрадагы окутуучулардын жетекчилиги астында диссертациялык иштерин даярдай алышат. 

Программа:  531000 Филология

Берилген квалификациясы: магистр
Окутуу мѳѳнѳтү: 2 жыл
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Магистранттарды “Филология” боюнча магистрдик программа жалпы илимий курстарды жана кесиптик циклдарды камтыйт. Программаны өздөштүрүүдө магистранттар филологиянын теориялык жана колдонмо маселелери боюнча толук даярдыктан өтүшөт. Мында магистранттарды орус, кыргыз жана чет тилдеринин ар кандай аспектилерин окутуу жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган методикалык аспект (адистештирүү дисциплиналары) өзгөчө орунда турат.  Негизги дисциплиналар менен бирге лингвистикалык дисциплиналарды окутуунун актуалдуу маселелерине  негизделген тандоо боюнча курстар да камтылган.
Программада магистранттардын изилдөө ишмердүүлүгүн калыптандырууга багытталган илимий-изилдөөчүлүк жана окуу-педагогикалык практикасы каралган.

Наши партнеры

Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети
Кыргыз филологиясы факультети