Перейти к содержимому

Bilim kununo zhana zany okuu zhylynyn bashtalyshina arnalgan ish-chara otttu

Билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына арналган иш-чара өттү

15-сентябрда Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Билим күнүнө, жаңы окуу жылынын башталышына жана биринчи курстун студенттерин кабыл алууга арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Муктарович Дылдаевдин жана университеттин ардактуу профессору Тилектеш Ишемкулович Ишемкуловдун куттуктоо сөзү менен башталды.

Куттуктоо сөзүндө жаңы окуу жылынын башталышы менен студенттерге ийгилик кааланып, билим алуу менен бирге университеттин коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышууга чакырыктар айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи курстун студенттери университеттин ишмердүүлүгү, окуу процесси, факультеттер жана институттар, ошондой эле профессордук-окутуучулар курамы менен тааныштырылды.

Ошондой эле студенттерге университетте түзүлгөн билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, илимий, маданий жана коомдук иш-чараларга катышуу тууралуу маалыматтар берилди.

Жаңы окуу жылын баштаган биринчи курстун студенттерине ийгиликтүү окуу, чыгармачылык изденүү жана жаңы жетишкендиктер кааланды.

Иш-чара майрамдык маанайдагы концерттик программа менен коштолду.