Мазмунга өтүү

 Бишкек мамлекеттик университети жана «Эне үйү» ресурстук борбору кызматташтык меморандумуна кол коюшту

 Бишкекский государственный университет и ресурсный центр «Эне үйү» подписали меморандум о сотрудничестве

2026-жылдын 16-февралында «Эне үйү» ресурстук борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана Социалдык кызмат жана практикалык психология кафедрасынын башчысы Эрик Орозалиев катышты.

Ачылыш аземинин алкагында Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев «Эне үйү» ресурстук борборунун директору Назгуль Турдубекова менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Документ тараптар ортосунда билим берүү, практикалык даярдык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумдун негизинде социалдык кызмат жана практикалык психология багытында билим алып жаткан студенттер үчүн дуалдык билим берүү системасын киргизүү, практикадан өтүү, ошондой эле түздөн-түз жумуш ордунда окуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Бул демилге студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга жана эмгек рыногуна даяр адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.