Илимий изилдөө иштерин уюштуруу жана илимий кадрларды даярдоо башкармалыгы
Илимий изилдөө иштерин уюштуруу жана илимий кадрларды даярдоо башкармалыгы өз ишмердүүлүгүн билим берүүнү фундаменталдаштыруунун жана зарыл болгон кесиптик компетенцияларды жана таанып-билүүнүн илимий ыкмаларын өздөштүргөн, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуунун негизи катары илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана колдоо максатында жүргүзөт.Бөлүмдүн негизги максаттары:
- Университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруу жана координациялоо;
- Университеттин профессордук-окутуучулук курамынын илимий потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- Илимий изилдөөлөрдүн тематикасын кеңейтүү жана сапатын жогорулатуу
- Илимий-изилдөө иштеринин (ИИИ) абалына жана аткарылышына контролдук кылуу
- Илимий ишмердүүлүктүн окуу процесси менен тыгыз байланышын камсыздоо
- Кафедралар менен бирдикте эл аралык, регионалдык, жогорку окуу жайлар аралык жана окуу жай ичиндеги илимий-практикалык жана илимий-теориялык конференцияларды, семинарларды, «тегерек үстөлдөрдү» ж.б. пландаштыруу, уюштуруу жана өткөрүү
- Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү чөйрөсүндө башка мекемелер, уюмдар менен кооперацияны жана кызматташтыкты өнүктүрүү
- Илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү чөйрөсүндө Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнө консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүү
- Сапат менеджменти тутумунун талаптарына ылайык илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү ж.б.
Бул максаттарга жетүү үчүн Департаментке төмөнкү тапшырмалар жүктөлөт:
- Окуу процессин илимий жактан камсыздоо жана адистерди даярдоо;
- Илимий жана билим берүү чөйрөлөрүндө эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү
- Кызматкерлердин жана студенттердин илимий квалификациясын жогорулатуунун негизинде фундаменталдык, колдонмо жана инновациялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү
- Макалаларды/методикалык иштеп чыгууларды даярдоо аркылуу институттун окутуучуларынын ар кандай деңгээлдеги илимий конференцияларга, конкурстарга
- Профессордук-окутуучулук курамдын жана изилдөөчүлөрдүн публикациялык активдүүлүгүн жогорулатуу
Өзүнүн максаттарына жана милдеттерине ылайык, Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
Окутуучуларга жана студенттерген илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү ж.б. бардык маселелер боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
Илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнүн интеграциясын камсыз кылуу
Илимдин акыркы жетишкендиктерин жайылтуу, БМУнун илимий ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын камтыган илимий, окуу, методикалык жана маалымдама адабияттарды, анын ичинде БМУнун Жарчысы, БМУнун жаңылыктары, Социалдык-экономикалык жана гуманитардык илимдердин көйгөйлөрү, Кыргыз тили жана адабияты
Университеттеги илимий-изилдөө иштерин координациялоо жана уюштуруучулук жактан камсыздоо, анын натыйжаларын жалпылоо жана талдоо, ал боюнча отчеттуулукту берүү
Студенттердин илимий-практикалык конференцияларын даярдоого жана өткөрүүгө катышуу
Кафедралар менен бирдикте Университеттин студенттеринин регионалдык, республикалык, эл аралык илимий конференцияларга, конкурстарга катышуусун уюштуруу; жогорку окуу жайдын сайтына илимий-изилдөө ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз жайгаштыруу
Илимий конкурстар, конференциялар, симпозиумдар, семинарлар, гранттар, изилдөөлөргө өтүнмөлөр жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын жарыялоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу
Башка жогорку окуу жайлар, илимий уюмдар, менчиктин бардык формасындагы ишканалар менен илимий кызташтык жөнүндө келишимдерди түзүү
PhD докторантура, аспирантура жана докторантура жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү тутумундагы даярдоонун негизги формалары болуп саналат. Университетте докторанттарды жана аспиранттарды даярдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензияга ылайык, багыттар жана адистиктер боюнча жүргүзүлөт.
Илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана илимий кадрларды даярдоо башкармалыгы илимий-өндүрүштүк ишке жетекчилик кылуу жана адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн түзүлгөн университеттин илимий түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Анын эң маанилүү милдеттери — аспиранттардын, докторанттардын жана илимий даражага талапкерлердин (соискателдердин) ишмердүүлүгүн координациялоо.
Аспиранттарды даярдоо 18 адистик жана 9 багыт боюнча жүргүзүлөт: педагогикалык, экономикалык, филологиялык, психологиялык, социологиялык, саясий, географиялык илимдер.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын конференцияларда, семинарларда, сабактарда жана башка иш-чараларда сыноодон (апробациядан) өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары дайыма жарыяланып турат, ошондой эле илимий конференцияларда, семинарларда жана университеттин Илимий кеңешинин жыйындарында талкууланат.
Докторантурага кирбестен, жогорку окуу жайларга бекитилген адистердин диссертация үстүндө өз алдынча иштөө формасы болгон соискателдик (изденүүчүлүк) да БМУнун практикасына киргизилген.
К. Карасаев атындагы БМУнун аспирантурасынын багыттары жана адистиктери
К. Карасаев атындагы БМУ
1. Экономика илимдери:
1. 08.00.01 – Экономикалык теория
2. 08.00.05 – Эл чарбасын экономикасы жана башкаруу
3. 08.00.10 – Финансы, акча жүгүртүү жана кредит
4. 08.00.12 – Бухгалтердик эсеп
3. Филология илимдери:
1. 10.01.01 – Кыргыз адабияты
2. 10.01.09 – Фольклористика
4. Тил таануу:
1. 10.02.01 – Кыргыз тили
2. 10.02.04 – Герман тилдери
3. 10.02.06 – Түрк тилдери
4. 10.02.19 – Тил теориясы
5. 10.02.20 – Салыштырмалуу-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил таануу
5. Педагогика илимдери:
1. 13.00.01 – Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы
2. 13.00.02 – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы
6. Психология илимдери:
1. 19.00.05 – Социалдык психология
7. Социология илимдери:
1. 22.00.04 – Социалдык түзүлүш, социалдык институттар жана процесстер
8. Саясий илимдер:
1. 23.00.02 – Саясий институттар, этносаясий конфликтология, улуттук жана саясий процесстер жана технологиялар
9. География илимдери:
1. 25.00.24 – Экономикалык, социалдык жана саясий география
2. 25.00.36 – Геоэкология
| Программанын түрү | Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн | Чет өлкөлүк жарандар үчүн | Окуу мөөнөтү |
|---|---|---|---|
| Аспирантура | 42 000 сом | 68 000 сом | 3 жыл |
| Докторантура | — | 68 000 сом | 4 жыл |
| PhD докторантурасы | 90 000 сом | 151 300 сом | — |
Аспирантурага кирүү үчүн документтердин тизмеси:
- Паспорттун көчүрмөсү.
- Ректордун намына арыз.
- Жогорку билим тууралуу дипломдун жана анын тиркемесинин (транскрипт) көчүрмөсү.
- Кыргызстандан тышкары жерде билим алган чет өлкөлүк жарандар үчүн – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жогорку билим тууралуу дипломдун эквиваленттүүлүгү жөнүндө маалымкаты.
- Сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (4 x 6 өлчөмүндө 1 даана,
3х4 өлчөмүндө 1 даана).
- Өмүр баян (Автобиография).
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
- Жумуш ордунан аспирантурага мүнөздөмө-сунуштама.
- Тандалган адистик боюнча илимий реферат (20-25 барак) же илимий катчы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жарыяланган илимий макалалардын тизмеси жана макалалардын көчүрмөлөрү.
- Болжолдонгон илимий жетекчинин рефератка берген пикири.
- Илимий жетекчинин аспирантка илимий жетекчилик кылууга макулдук каты.
Докторантурага кирүү үчүн документтердин тизмеси:
- Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча.
- Паспорттун көчүрмөсү.
- Жогорку билим тууралуу дипломдун көчүрмөсү.
- Илимдин кандидаты дипломунун көчүрмөсү.
- Доцент дипломунун көчүрмөсү (эгер бар болсо).
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
- Жумуш ордунан мүнөздөмө.
- Жогорку окуу жайдын Илим катчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн илимий эмгектердин тизмеси.
- Илимий кеңешчинин диссертациянын темасы боюнча макулдугу.
- Доктордук диссертациянын темасын жана илимий кеңешчини бекитүү жөнүндө кафедранын жыйынынын протоколунан көчүрмө.
- Доктордук диссертациянын темасын жана илимий кеңешчини бекитүү жөнүндө факультеттин Илимий кеңешинин жыйынынын протоколунан көчүрмө.
PhD докторанттарын даярдоо 6 багыт боюнча жүргүзүлөт:
- Экономика
- Башкаруу
- Психология
- Педагогика
- Тил илими
- Филологиялык билим
Окуу акысы:
Чет өлкөлүк жарандарга — 151 300 сом
КР жарандарына — 90 000 сом
PhD докторантурага кирүү үчүн документтердин тизмеси:
- Академик К. Карасаев атындагы БМУнун ректорунун намына даярдоо багыты көрсөтүлгөн арыз;
- Диссертациянын алдын ала темасынын кыскача негиздемеси;
- Орус, кыргыз же англис тилдерин билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
- Илимий эмгектердин тизмеси (бар болгон учурда);
- 3х4 см өлчөмүндөгү алты даана сүрөт;
- Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча жана эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган документ (эмгек стажы бар адамдар үчүн);
- Паспорттун жана жогорку билим/магистратура дипломунун көчүрмөсү (КР жарандары үчүн);
- Паспорттун жана жогорку билим/магистратура дипломунун которулган (кыргыз/орус тилине) жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
- Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билим тууралуу документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктоо жөнүндө КРнын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалымкаты;
- Чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык камсыздандыруу полиси.
Дарек:
Бишкек мамлекеттик университети, Бишкек ш., 720044,
Чынгыз Айтматов проспектиси, 27
Иш кабыл алуу бөлмөсүнүн (приемная) тел: +996 (312) 21-86-59
Илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана илимий кадрларды даярдоо башкармалыгы:
+996 (312) 21-85-11
Факс: +996 (312) 54-32-21;
E-mail: bhu@bhu.kg