Мазмунга өтүү

БМУнун илимий ишмердүүлүгү

Научная деятельность

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу изилдөөчүлөр, аспиранттар жана жаш окумуштуулар!

Сиздерди биздин илимий-маалыматтык порталыбызда тосуп алууга кубанычтамын!

Фундаменталдык жана колдонмо илимди өнүктүрүү, PhD программаларын кеңейтүү, жаш изилдөөчүлөрдү ар тараптуу колдоо жана алардын глобалдык эл аралык илимий мейкиндикке ийгиликтүү интеграцияланышы биздин стратегиялык артыкчылыгыбыз болуп саналат.

Илимий-маалыматтык портал тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду координациялоо жана сиздердин жетишкендиктериңиздерди жайылтуу үчүн натыйжалуу платформа болууга багытталган. Баарыбызга түгөнгүс шык-дем, кайраттуу гипотезаларды, маанилүү ачылыштарды жана жогорку кесиптик ийгиликтерди каалайм!

Терең урматым менен, К. Карасаев атындагы БМУнун илимий иштер боюнча проректору, Россия билим берүүсүнүн жана илиминин элчиси, филология илимдеринин доктору, профессор Г. М. Мурзахмедова

ИИИУ жана илимий кадрларды даярдоо башкармалыгынын кызматкерлери

Научная деятельность

Асанова Астра Исабековна
КИИ уюштуруу жана ИКД башкармалыгынын башчысы
asanova.1941@mail.ru
0(312)-21-85-01

Научная деятельность

Раева Тинатин Калыбековна
КИИ уюштуруу жана ИКД башкармалыгынын башкы адиси
traeva@bhu.kg
0(312)-21-85-01

Научная деятельность

Акматбек кызы Мунара
КИИ уюштуруу жана ИКД башкармалыгынын адиси
muna.mambetova@list.ru
0(709)-02-28-93

Университет илимий изилдөөлөргө жана инновацияларга өзгөчө маани берет, алар бир катар ченемдик документтер жана саясаттар, анын ичинде Университетти өнүктүрүүнүн стратегиялык планы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын ЖАКтын (Улуттук аттестациялык комиссиясынын) ченемдик документтери менен жөнгө салынат. Университеттин илимий изилдөөлөрү Кыргыз Республикасындагы жана андан тышкаркы башка илимий жана билим берүү уюмдары менен кызматташтыкта жүргүзүлөт.

Изилдөөлөргө катышуу университеттин илимий-педагогикалык кызматкерлеринин гана эмес, студенттердин да милдети болуп саналат. Илимий-изилдөө саясаты өнүгүүнүн жаңы артыкчылыктуу багыттарынын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн эсепке алат жана студенттерди жаңы билимдерди жаратуу процессине тартууга багытталган, бул алардын кесиптик компетенттүүлүгүн, ошондой эле өз алдынчалыгын, демилгелүүлүгүн жана чыгармачылыгын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Университеттин илимий-изилдөө иштери КРди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында жүргүзүлөт: Экономикалык теория, Эл чарбасын экономикасы жана башкаруу, Каржы, акча жүгүртүү жана кредит, Бухгалтердик эсеп, Социалдык структура, социалдык институттар жана процесстер, Социологиянын теориясы, методологиясы жана тарыхы, Кыргыз адабияты, Фольклористика, Кыргыз тили, Орус тили, Герман тилдери, Түрк тилдери, Тил теориясы, Салыштырмалуу-тарыхый, типологиялык жана карама-каршы тил илими, Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы, Социалдык психология, Педагогикалык психология, Саясий институттар, этносаясий конфликтология, улуттук жана саясий процесстер жана технологиялар, Экономикалык, социалдык жана саясий география, Геоэкология. Түзүлгөн артыкчылыктуу багыттар боюнча ИИИ (илимий-изилдөө иштери) республикалык бюджеттен каржыланат, ошондой эле ЖОГОРКУ окуу жайдын ички гранттык каржылоосунун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы боюнча тематикалык пландын алкагындагы колдонмо жана изденүүчүлүк изилдөөлөр программаларынын, эл аралык гранттардын жана программалардын алкагында аткарылат.