Мазмунга өтүү

К.Карасаев атындагы БМУ менен А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

Между Бишкекским государственным университетом имени К. Карасаева и Национальной библиотекой Кыргызской Республики имени А. Осмонова подписан меморандум о сотрудничестве

       2026-жылдын 17-февралында К.Карасаев атындагы БМУнун жана А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

         Жолугушууга К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, проф. М.М.Дылдаев, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Э.Э.Аттокуров, Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы, А.А.Асанова, ошондой эле социалдык маалымат жана документология кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты.

        Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө, кадрларды кесиптик даярдоону камсыз кылууга жана китепкана-маалыматтык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Меморандумга кол коюлду.

           Кызматташтык китепкана-маалыматтык ишмердүүлүк жана ага байланыштуу тармактардагы жалпы кызыкчылыктарды эске алуу менен квалификациялуу кадрларды даярдоого көмөктөшүүнү, адистердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууну, мекемелер ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоону жана өнүктүрүүнү камтыйт.