БМУнун журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин ага окутуучусу Кошоева Миргүл Догдуровна 2026-жылдын 24–26-июль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде өткөн IV Азия–Кытай коммуникациялар боюнча конференциясына катышты.
Эл аралык илимий форумдун алкагында ал коммуникация тармагындагы изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелерине арналган баяндама жасады. Конференция Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдү бириктирип, тажрыйба алмашуу, илимий диалог жүргүзүү жана Борбордук Азиядагы коммуникациялык изилдөөлөрдүн өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.
Конференцияга катышуу эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоого жана БМУнун журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин илимий байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.



