Мазмунга өтүү

БМУнун студенттери Түркиянын жогорку окуу жайларына академиялык мобилдүүлүк алкагында билим алууга жөнөтүлүүдө

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү багытындагы иштерин улантууда.

ORHUN академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында БМУнун студенттери Түркия Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн жөнөп кетишүүдө.

Студенттер Istanbul Aydın University, Istanbul Ticaret University, Cappadocia University жана Hacettepe University сыяктуу өнөктөш жогорку окуу жайларда билим алышат.

Академиялык мобилдүүлүк программасына педагогика жана билим берүү, эл аралык мамилелер, туризм жана мейманкана иши, экономика жана башка багыттарда билим алып жаткан студенттер катышууда.