Мазмунга өтүү

Студенты БГУ отправятся на академическое обучение в университеты Казахстана и России

Студенты БГУ отправятся на академическое обучение в университеты Казахстана и России

2026–2027-окуу жылынын күзгү семестринде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алышат.

БМУнун 4 студенти Россия Федерациясынын Уфа шаарындагы М. Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинде окуудан өтүшөт. Ал эми 16 студент Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде «Welcome to ENU» академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алышат.

Аталган программа студенттердин академиялык тажрыйбасын кеңейтүүгө, билим берүү тармагындагы жаңы ыкмалар менен таанышууга, кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде тажрыйба топтоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.