2026-жылдын 27-февралында Россия Илимдер академиясынын Коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институту жана академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Постсоветтик мейкиндиктин Азия бөлүгүндө улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда тарыхтын ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция болуп өттү.
Конференцияга БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев жана Коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун директору Александр Кузнецов катышышты. Алар өз сөздөрүндө илимий диалогдун, дисциплиналар аралык ыкманын жана эл аралык кызматташтыктын улуттук идентичтүүлүктү изилдөөдөгү маанисин белгилешти.
Илимий-практикалык конференцияга Россиядан, Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген алдыңкы окумуштуулар, окутуучулар жана студенттер катышты. Талкуунун жүрүшүндө тарыхый эс тутум, улуттук идентичтүүлүк, маданияттар аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле постсоветтик мейкиндиктеги заманбап социалдык-саясий процесстер боюнча маселелер каралды.








