К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде SMM куралдарын колдонуу, санариптик маркетинг жана социалдык тармактарда натыйжалуу коммуникацияларды түзүү маселелерине арналган кесиптик иш-чаралардын цикли өткөрүлдү.
Иш-чаранын спикери — филология илимдеринин кандидаты, Россия элдер достугу университетинин (РУДН) Орус тили институтунун SMM-адиси жана окутуучусу Гасанов Маммадали Магсад оглы болду. Катышуучулар санариптик илгерилетүүнүн актуалдуу багыттары, ошондой эле социалдык платформалар менен иштөөнүн заманбап жана практикалык ыкмалары тууралуу кеңири маалымат алышты.






