Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Без границ» аттуу экстрабилити-оюнуна катышкан студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Оюн Урал федералдык университети (УрФУ), «Белая трость» автономдуу коммерциялык эмес уюму менен биргеликте академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага илимий иштер боюнча проректор Гульнара Мурзахмедова, ошондой эле эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректор катышты.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Тынычбекова Алтынай, Абдыкалыкова Бегимай, Нурланова Нагима, Темирбекова Жибек, Шарабидинова Медина, Рябчунова Анастасия, Исираилова Айнура, Калачёва Ксения сертификат менен сыйланышты.
Мындай иш-чараларга студенттердин катышуусу инклюзивдүү ой жүгүртүүнү, командалык ишти жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.





