Бишкек шаарында «Си Цзиньпиндин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бешинчи томунун расмий бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, илимий жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чара «Кытай менен Кыргызстандын бирдиктүү тагдыр коомчулугун биргелешип куруп, ШКУнун жаркын келечегин чогуу жаратуу» деген темада уюштурулду.
Иш-чаранын катышуучуларына Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Пропаганда бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, КЭР Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясынын башчысы Мо Гаои, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань, ошондой эле Кытайдын чет тилдерде адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юй Инфу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.
Программанын уландысы катары эки өлкөнүн белгилүү мамлекеттик ишмерлери, дипломаттары, окумуштуулары жана алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышкан эксперттик талкуу өттү. Анда Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Кытай Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун директору Сунь Чжуанчжи, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык жана аналитикалык изилдөөлөр институтунун директору Аликбек Жекшенкулов, Кытайдын Дипломатиялык академиясынын директору Гао Фэй, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев, Кытай Эл аралык мамилелер университетинин ректору Ху Цзипин, Дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, «Си Цзиньпиндин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебин кыргыз тилине которгон Эмилбек Каптагаев, ошондой эле Кытайдын Инновациялар жана өнүгүү стратегиясы институтунун алдындагы Кытай цивилизациясы жана кытайлык өнүгүү жолу боюнча комитетинин жетекчиси Се Маосун баяндама жасашты.
«Си Цзиньпиндин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бешинчи томунун бет ачары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин, ошондой эле эки өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө болгон жалпы умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.










