Эл аралык борборлор жана кеңселер \ GreenKG
Илимий китепкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Салттуу (кагаз жүзүндөгү) жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү окуу адабияттары менен китепкананын фондун калыптандыруу.
- Дүйнөлүк маалыматтык мейкиндиктин ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
- Окурмандарга билим берүү маалыматтары менен иштөө үчүн шарттарды түзүү.
Бирдиктүү китепкана фонду ата мекендик жана чет өлкөлүк басылмалардын ар кандай түрлөрүнөн (илимий, окуу, көркөм адабияттар ж.б.), аудиовизуалдык жана электрондук документтерден турат.
Окуу залдарында окуу китептери ачык пайдалануу режиминде жайгашкан. Абонементтердеги китептер үйгө берилет. Факультеттердин – КФФ (ФКФ), ККФ, ЖИТжанаЭИФ (ФЖИиИС), РФФ (ФРФ), ЧТжанаЭАМФ (ФВМО) китепкана фонддору БМУнун башкы корпусунда жайгашкан; СФФ (СПФ), ЭБФ (ФЭМ), Кошумча кесиптик билим берүү институту (ИНДО) №2 корпуста; ЭФФ (ФЭФ) жана Колледж №3 корпуста жайгашкан. Башкы корпустун жалпы окуу залында мезгилдүү басылмалардын төмөнкүдөй түрлөрү бар: гезиттер – 20 аталышта, журналдар – 4 аталышта жана маалымдама адабияттар – 1600 китеп.
Китепкана көргөзмөлөр, серептер, тематикалык кароолор аркылуу китепке жана окууга болгон кызыгууну өнүктүрөт жана колдойт; студенттердин жалпы маданиятын жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрөт.
Студенттер үчүн электрондук каталогдор системасы аркылуу маалыматты ыңгайлуу жана натыйжалуу издөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Алар бул система аркылуу китептер, ошондой эле гезиттерде жана журналдарда жарыяланган макалалар жөнүндө маалымат ала алышат.
Китепкананын китеп фонду кыргыз, орус жана чет тилдериндеги окуу, илимий жана көркөм адабияттардын 258 876 нускасын түзөт.
Негизги адабияттар китепкананын Электрондук каталогунда чагылдырылган, анда китептердин 49 650 миң сыпаттамасы камтылган (жазуу 2003-жылдан бери жүргүзүлөт).
БМУнун китепканасынын дисциплиналар боюнча электрондук китептери БМУнун сайтында көрсөтүлгөн:
- «Университетская библиотека ONLINE» ЭКиТ (Электрондук китепкана тутуму) https://biblioclub.ru19.11.20. баштап «Университетская библиотека online» Электрондук китепкана тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгү ачылган. Бул ресурс окуулуктарды, окуу куралдарын, монографияларды, мезгилдүү басылмаларды, маалымдамаларды, сөздүктөрдү, энциклопедияларды, видео жана аудио материалдарды, искусство боюнча иллюстрацияланган басылмаларды, көркөм адабияттарды камтыйт. «Университетская библиотека онлайн» ЭКиТ илимдин бардык тармактары боюнча 100 000ден ашык басылмаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. ЭКиТте сунушталган 400дөн ашык басма үйү студенттерди негизги жана тар профилдеги предметтер боюнча басылмалар менен камсыз кылат. Окурмандар өздөрүнө зарыл болгон китептердин жана журналдардын айрым барактарын басып чыгарып (распечатать этип) ала алышат.
http://biblioclub.ru сайтында колдонуучуларды каттоодон өткөрүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:- БМУнун колдонуучусунун жеке баракчасын (account) алуу.
- Сайтка кирүү үчүн логин жана пароль алуу.
- Окурман Университеттик китепканага каалаган жерден кире алат.
- Ачык архивдерде издөө kyrlibnet.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.
- Авторефераттардын жана диссертациялардын электрондук ресурстары жөнүндө маалыматты А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын nlkr.gov.kg сайтынан табууга болот.
- БМУ Илимий китепканасынын (ИК) электрондук каталогу, маалымдамалар жана энциклопедиялар, журналдар менен гезиттер башкы корпустун окуу залында жайгашкан.
Китепкананын иштөө убактысы: 8.00 — 17.00.
Айдын акыркы шаршембиси – санитардык күн.
БМУнун илимий китепканасы жөнүндө жобо
.