Мазмунга өтүү

Жарыялоо ишмердүүлүгү

Публикациялык активдүүлүк Уюмдун публикациялык активдүүлүгүн талдоо (анализдөө)

Рус

Кырг

Eng

Окумуштуулардын персоналдык идентификаторлору

Окумуштуулардын персоналдык идентификаторлору Идентификаторлор автор менен анын илимий ишмердүүлүгүнүн публикациялык натыйжаларынын ортосунда так жана бир маанилүү байланышты орнотууга мүмкүндүк берет. Азырынча публикациялардын бирдиктүү, дүйнөлүк базасы жок, ошондуктан ар бир цитата келтирүү (шилтеме берүү) базасынын өзүнүн идентификаторлору бар.

1. РИНЦ AuthorID (НЭБ ELIBRARY.RU) — РИНЦ (Россиянын илимий цитата келтирүү индекси) платформасындагы Мамлекеттик электрондук китепкананын (НЭБ) ар бир колдонуучусунун (окурманынын) профилине берилет; SPIN-код — автор Science Index (РИНЦ) тутумуна катталгандан кийин берилет. Катталуу үчүн шилтемеСсылка для регистрации

2. Scopus Author Identifier – жеке эсептик жазуу (Author ID). Elsevier компаниясынын өнүмү.

Scopus системасына катталуу боюнча нускама

Катталуу үчүн шилтеме

3. ResearcherID – автордун Web of Science маалымат базасына кирген макалаларынын толук тизмесин түзүүгө мүмкүндүк берет. Сайтта катталган учурда берилет. Катталуу үчүн шилтеме

Катталуу үчүн шилтеме

4. ORCID ID — окумуштуунун уникалдуу идентификатору (Open Researcher and Contributor ID). ORCIDди түзүүнүн негизги милдети – аты-жөнү жана фамилиясы окшош окумуштууларды бири-биринен айырмалоо болуп саналат, ошондуктан илимий макаланын ар бир авторуна өзүнүн уникалдуу номери (ORCID ID) берилет. Номер 16 цифрадан турат: мисалы — http://orcid.org/0000-0002-1825-0097. Бул номер SCOPUS жана Web of Science тутумдарында илимий эмгектердин авторлугун тастыктоо үчүн колдонулат. Катталуу үчүн шилтеме

5. GOOGLE SCHOLAR PROFILE — Google Scholar (Google Академия) тутумуна катталуу сиздин эмгектериңиздин тутумдагы көрүнүүсүн жогорулатат жана өтө кеңири булактардан сиздин публикацияларыңызга шилтемелер (цитаталар) келтирилгендиги тууралуу автоматтык түрдө билдирүүлөрдү алып турууга мүмкүндүк берет. Бул кызмат «Google Scholar Citations» (кыскача — GSC) же орус тилинде «Библиографические ссылки Академии Google» же «Профиль автора в Академии Google» деп аталат. Google Scholar учурдагы бардык кызматтардын ичинен эң кеңириси болуп саналат. «Google Академиясы» университеттердин бардык сайттарын, жогорку окуу жайлардын репозиторийлерин индекстейт, ошондуктан интернетте бар болгон дээрлик бардык эмгектер GSC профилине автоматтык түрдө түшөт. Катталуу үчүн шилтеме Катталуу үчүн шилтеме