2026-жылдын 7–9-сентябрь күндөрү К. Карасаев атындагы БМУнун окутуучулары БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (UNFPA), КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Россия Илимдер академиясынын Федералдык илимий-социологиялык борборунун Социалдык демография институтунун колдоосу менен уюштурулган «Кыргыз Республикасындагы демографиялык саясат жана демографиялык туруктуулук» аттуу тренингге катышты.
Тренинг Россия Илимдер академиясынын профессору Сергей Рязанцевдин жана башка алдыңкы адистердин жетекчилиги алдында өттү. Катышуучулар демографиялык саясат жана туруктуу өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, илимий пикирлери жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.





